Күрттөрдүн пешмерга согушкерлери АКШ баштаган коалициянын коштоосунда “Ислам мамлекети” уюмунун Ирактын Синжар шаарындагы согушкерлерине каршы чабуулду улантышты.
Август айында согушкерлердин колуна өткөн Синжарды кайтаруу операциясы 17-декабрда башталган. Пешмерганын командачылары операциянын алгачкы баскычында сегиз айыл көзөмөлгө алынганын, 80 согушкер жок кылынганын билдиришүүдө. АКШ куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү 15-декабрдан бери Иракта "Ислам мамлекетинин" согушкерлерине 61 сокку урулса, анын 45и “Пешмерга жана Ирак коопсуздук күчтөрүнүн” Синжардагы операциясына колдоо иретинде жүргүзүлгөнүн бышыкташты. Шаар күрт күчтөрүнө кайтарылса, Синжар тоолоруна жол ачылмакчы.