Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Москвада Кумтөр боюнча сүйлөшүү бүгүн аяктайт


Кумтөр кени жайгашкан аймак
Кумтөр кени жайгашкан аймак

Москвада «Центерра Голд» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда үч күндөн бери уланып жаткан Кумтөр боюнча сүйлөшүү бүгүн, 19-декабрда аяктайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов билдирди.

Сүйлөшүүгө аталган мекеменин жетекчи орун басары, эксперттер, Кыргызстан жалдаган эл аралык юристтер катышууда. Сүйлөшүү DLA Piper эл аралык укуктук компаниясынын Москвадагы кеңсесинде телекөпүрө форматында өтүп жатат.

Жогорку Кеңеш быйыл жыл башында Кумтөр боюнча үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү келишимин жактырган. Кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана декабрда түзүлөт деп убада кылган. Кийинчерээк анын мөөнөтүн 1-мартка чейин узартууну парламенттен суранган. (SE)

XS
SM
MD
LG