Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Кочкоров: ЕАЭСке кирүү боюнча келишимди эч ким көргөн жок


“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров Кыргызстандын Евразия экономикалык союзуна кирүүсү боюнча келишимди эч ким көрбөгөнүн айтып чыкты. Анын айтымында, аталган келишим профилдик комитеттен шашылыш түрдө өткөрүлүп, депутаттар келишим менен таанышууга да жетишкен эмес.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев депутаттардын дооматын четке кагып, келишим шашылыш кабыл алынбаганын билдирди. Айтымы, өлкө Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык союзуна кирүү үчүн үч жыл даярданганын билдирди.

Кыргызстанда Бажы биримдиги жана Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча маселе эки жылдан бери кызуу талкууланып келет. Өлкөдөгү бир катар жарандар бул уюмдарга кошулуу Кыргызстандын саясий көз карандысыздыгына доо кетирет деп каршылыгын билдирүүдө. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимге кол коюлган соң Жогорку Кеңеш аны ратификациялашы зарыл болот. (UEz)

XS
SM
MD
LG