Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Украина “бейтарап өлкө” болбой калды


Жогорку Рада Украинанын бейтарап өлкө макамын жоюу үчүн добуш берди жана НАТО менен Евробиримдикке мүчө болуп өтүүнү Украинанын максаты деп бекитти. Президент Порошенко киргизген мыйзам долбоорун 23-декабрда Жогорку Рададагы 450 депутаттын 303 колдоду.

Украин жетекчилиги 2010-жылы президент Виктор Янукович кезде кабыл алынган “бейтарап өлкө” макамынан чыгуу себебин “тышкы агрессия жана кысым” менен түшүндүрүштү.

Украин парламентинин чечимин Орусиянын Евробиримдиктеги өкүлү Андрей Келин Орусия муну “душмандык кадам” деп сыпаттады жана эки өлкө арасындагы мамилени осолдотот деди.

XS
SM
MD
LG