Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Украин бийлиги жана жикчилер туткундагыларды алмашат


Украина бийлиги менен орусиячыл жикчилер эки тарапка туткунга түшкөндөрдү алмашууну макулдашты. Мындай келишим өлкө чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча Беларустун борбору Минскте 24-декабрда өткөн сүйлөшүүдө кабыл алынды. Ага Украина, Орусия, орусиячыл жикчилер жана ЕККУнун өкүлдөрү катышты. Украинанын коопсуздук кызматынын өкүлү Маркиян Лубкивский 25-декабрда туткунга түшкөн 150 украиналык аскерге 225 жикчини алмашуу боюнча келишим сүйлөшүүнүн негизги жетишкендиги экенин билдирди.

Мындай маалыматты Донецк жана Лугансктагы жикчилердин жетекчилери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий да тастыктады. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы 26-декабрга мерчемделген.

XS
SM
MD
LG