Кечээ Талас шаарындагы музыкалык мектепте Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин адабий кечеси өттү. Ага мугалимдер, дарыгерлер баштаган 250 чамалуу жергиликтүү интеллигенция келди. Кечеде Дүйшеев ыр окуп, жакында жарыкка чыккан “Агындылар” китебин белекке берди.
“Кыргызстанда адабий кечелер акыркы убактарда болбой калган. Мындан ары аларды тез өткөрүп туруу керек. Эл китепке суусап калыптыр”, - деди Шайлообек Дүйшеев.
Жыл жаңырган соң Таласта жакында көзү өткөн акын Тургунбек Бекболотовду эскерүү кечесин, акын Кыялбек Урманбетовдун адабий кечесин өткөрүү пландалууда. (МТо)