Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Пан Ги Мун Пакистанды өлүм жазасын киргизбөөгө чакырды


Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун Пакистан бийлигин өлүм жазасына киргизилген мораторийди кайрадан калыбына келтирүүгө чакырды.

БУУнун маалымат катчысы Стефан Дужарриктин айтымында, Пан Ги Мун жума күнү Пакистан премьер-министри Наваз Шарифке телефон чалып, өлкөдө эң жогорку жазаны колдонууну тыюуга чакырды. Шариф өлкөсүндө бардык юридикалык нормалар сакталарын убада кылды. Бирок өлүм жазасына кайрадан мораторий киргизерин айткан жок.

Пакистан өкмөт башчысы 16-декабрда Пешавардагы мектепке талиптер кол салгандан кийин өлүм жазасына киргизилген мораторийди алып салган. Кол салуудан 151 адам өлгөн. Анын 142си мектеп окуучулары болчу.

Мораторий алынгандан кийин Пакистанда терроризмге айыпталган алты адам өлүм жазасына тартылган. Бирок алардын эч кимиси Пешавардагы кол салууга тиешеси жок болчу.

Пакистандын ички иштер министри Чаудхри Нисар Али Хан 21-декабрда сүйлөп жатып, өлкөдө терроризмге айыпталып 500 адам камалганын, жакынкы жумаларда алар жазага тартыларын эскерткен.

XS
SM
MD
LG