Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

155 жүргүнчүсү бар учак Суматра аралына кулаганы болжолдонууда


Жекшемби күнү таң эрте жер менен байланышы үзүлгөн Indonesia AirAsia учагы Суматра аралынын чыгыш жээгине, Чыгыш Белитунг суусуна кулаганы болжолдонууда деп жазат New Straits Times.

Ал жакка издөө-куткаруу ишине тартылган күчтөр жөнөтүлдү. Анткен менен учак дал кайсы жерге кулаганы дале белгисиз.

Маалыматка караганда учакта төрт саатка жете турган гана күйүүчү майы бар болчу.

Мурдараак индонезиялык Сурабая шаарынан Сингапурга сапар алган QZ8501 рейсиндеги Airbus 320-200 учагы жердеги кызматтар менен байланышын үзгөн. Ага чейин экипаж катмар-катмар булуттан арылуу үчүн учуу бийиктигин 9750 метрден 11500 метрге чейин көтөрүүнү суранган.

Акыркы жолу учак Яван деңизинин үстүндө баратып байланышка чыккан.

Анын бортунда 155 жүргүнчү жана жети экипаж мүчөлөрү бар болчу. Алардын 149у индонезиялык, үч кореялык, Сингапурдун бир жараны, бир британиялык жана бир малайлык жаран болгон.

XS
SM
MD
LG