Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:16

Сариева: Медакадемияга студенттерди кабыл алуу иликтенет


Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттердин Медициналык академияга гранттык комиссиянын чечиминин негизинде кабыл алынышын иликтейт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын 2011-жылдан берки ишмердигин иликтөө иштери башталды. Ага коомдук уюм өкүлдөрү, журналисттер мүчө болду.

Комиссия 15-февралга чейин иликтөөнү бүтүрүп, министрликке маалымат бериши керек. Мындан сырткары билим берүү министрлигинин жана депутаттардын тиешелүү окуу жайларга студенттерди кабыл алуудагы мыйзамсыз кийлигишүүсүн токтотуу үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы каралууда.

Буга чейин Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн гранттык комиссия аркылуу жүзгө чукул студентти мыйзамсыз кабыл алган көмүскө фактыларды “Азаттык” атайын иликтеп чыгып, жарыялаган болчу. Анда социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана четтеги этникалык кыргыздардын балдары деген негиз менен тесттик баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттер окууга кабыл алынган фактылар ашкере болгон. Алардын арасында мурдагы билим берүү министри Канат Садыков, депутаттар жана ал окуу жайдын ректору өзү сунуштаган тизмеде тиешелүү талаптарга туура келбеген абитуриенттердин ысымдары көрсөтүлгөн. Мына ушуга окшош кылмыш эпизоду менен башкы көзөмөл орган мындан мурун эле парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгогон болчу. (TSh)

XS
SM
MD
LG