2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарда айрым жерлерде кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда автожолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүзү 2…7;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүзү 1…6;
Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүзү 3…8;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүзү 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүзү 0…5;
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүзү -10…-15;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүзү -10…-15.
2-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот. Абанын төмөнкү температурасы 0…2 градус жылуу, жогорку температурасы 4…6градус жылуу болот.