Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:40

Египет соту “Ал-Жазиранын” журналисттеринин өкүмүн кайра карайт


Египеттин Жогорку Соту “Мусулман агайындар” тобу менен байланышта болгон деп кескен “Ал-Жазира” телеканалынын үч журналисти боюнча чечимин кайра карайт. Австриялык Питер Грест, египеттик журналисттер Мохаммед Фахми, Бахер Мохаммед соттун жаңы өкүмү чыкканча камакта болоорун алардын адвокаты журналисттерге билдирди. Аталган журналисттер Египетте тыюу салынган “Мусулман агайындар” тобу менен кызматташып, өлкө тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталышкан. Египет бийликтеринин жүйөсүндө, “Ал-Жазиранын” журналисттерди “Мусулман агайындардын” таламын коргоп, аларга кызмат кылган. Мындан улам алар жетиден он жылга чейин абакка кесилген. Бирок каналдын жетекчилиги бул айыпты четке кагып келет.

Камактагы журналисттердин адвокаты алдыда жаңы сыноо турганын, жаңы өкүм алардын кызыкчылыгында болот деген үмүтүн билдирди.

Египет президент Абдел-Фаттах ал-Сисинин соттун чечимисиз эле журналисттерге ырайым берип, аларды өлкөдөн чыгарууга укугу бар. Бирок ал укукту чечим Египеттин улуттук коопсуздугуна каршы келбесе гана колдонорун билдирди.

“Мусулман агайындар” кыймылынын жетекчиси, исламчыл президент Мухаммед Мурси 2013-жылдын июлунда ага каршы толкундоолордон кийин бийликтен кулатылган. Мындан соң Египетте аталган кыймылга тыюу салынган. Мурси болсо өлкө коопсуздугуна байланыштуу жашыруун документтерди "Ал-Жазира" телеканалына берген деп айыпталып, камакта.

XS
SM
MD
LG