Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Жогорку Кеңеш тамекинин акцизин кымбаттаткан мыйзамды жактырды


Парламент “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоо” тууралуу мыйзам долбоорун 31-декабрда биринчи окуудан кабыл алды. Анда тамекини жарнамалоону чектөөдөн тартып, аны чыгарууга жана сатууга демөөрчүлүк кылууну татаалдантуу, тамекти тартууга тыюу салынган жерлерди көбөйтүү жана тамеки чыгарган ишканаларды жарандардын ден соолугун тамекинин зыянынан сактоочу иш-чараларды каржылоого чейинки беренелер каралган.

Жаңы жылдан тартып чыпкалуу тамекилердин акцизинин базалык ставкасы 550 сомго, чыпкасы жок тамекилердики 100 сомго көтөрүлөт. 2016-жылдан тартып тамекинин баарынын акцизи 730 сомго чыгат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG