Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Сирия оппозициясынын жаңы лидери тандалды


Сириянын Улуттук оппозициялык коалициясынын жаңы лидери болуп Халед Хожа шайланды. Аны оппозиция өкүлдөрү жекшембиде Түркияда өткөн жыйынында тандашты. Буга чейинки лидер Хади ал-Бахра экинчи мөөнөткө ат салышуудан баш тарткан.

Стамбулда өткөн Улуттук коалициянын жыйынында Халед Хожа 56 добуш алып, алдыга чыкты. Анын негизги атаандашы оппозициялык коалициянын баш катчысы Насер ал-Харири 50 добуш алды.

Эми коалиция өкүлдөрү Египеттин борбору Каирде жыйынга чогулуп, Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнүн жол-жобосун талкуулары күтүлүп жатат.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Сирия оппозициясынын өкүлдөрүнө Москвада Башар Асаддын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган. Сүйлөшүүнү ушул айдын аягында өткөрүү болжолдонгон.

Сириянын Улуттук оппозициялык коалициясы 2012-жылы түзүлгөн. Аны Батыш өлкөлөрү, Түркия жана бир нече араб өлкөсү колдойт.

XS
SM
MD
LG