Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Ооганстан: чабуулдан бир адам мерт кетти


Ооганстандын борбору Кабулда Евробиримдиктин полиция миссиясынын унаасына жасалган чабуулдан бир адам мерт кетти. Анда автоунаага коюлган бомба жарылган. Жардыруу учурунда көчөдөн өтүп бараткан адам набыт кетип, алты адам жараат алды.

Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Алар бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Быйыл 1-январдан тарта Ооганстандагы коопсуздук жергиликтүү аскер күчтөрдүн колуна өткөн. Мындан улам акыркы учурда ооган аскерлери өлкөдөгү коопсуздукту толук сактай алабы деген чочулоолор айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG