Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Иранда жыл башынан бери 16 адам өлүм жазасына тартылды


Ирандын “Фарс” маалымат агенттиги билдиргендей, өлкөнүн түндүк-батышындагы Торгаб шаарында зордуктоо үчүн жазаланган үч адам дарга асылды. Өлүм жазасы коомчулуктун алдында, сот органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ишке ашырылды.

АКШда жайгашкан Укук коргоочулардын маалымат агенттиги 1-январда Иранда жалпысынан 13 адам дарга асылганын жазды. Керман провинциясынын Шехаб абагында маңзатка байланыштуу кылмыштар үчүн жети адам өлүм жазасына тартылса, ошол эле күнү Бам шаарында төрт аял, Бендер-Аббас шаарында дагы эки адам дарга асылган.

Ал эми “Сахамньюс” агенттиги Фарс провинциясында 22 жаштагы милиция кызматкери “аялдарга кол салганы жана кудайга каршы иштерди жүргүзгөнү” үчүн дарга асылганын жазды.

БУУ Иранда 2014-жылы 250дөн ашык адам өлүм жазасына тартылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG