Кабулдагы жардыруу
5-январда Кабулда Евробиримдиктин полиция миссиясынын унаасына жасалган чабуулдан бир адам мерт кетти. Анда автоунаага коюлган бомба жарылган. Жардыруу учурунда көчөдөн өтүп бараткан адам набыт кетип, алты адам жараат алды. Бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Алар бул тууралуу "Твиттердеги" баракчасына жазды.