Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Түп райондук ИИБнин башчысы Темир Кожоев пенсияга кетип, анын ордуна Дамир Исаков дайындалды. Жети-Өгүз райондук милиция башчысы Бишкекке которулгандыгына байланыштуу аталган районго Тилек Тукебаев бекитилди. Ал эми Каракол шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп Максат Абдыкулов дайындалды. (MKo)