Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Түндүк-түштүк жолуна кошумча 20 миллион доллар керек


Түндүк-түштүк жолунун 100 чакырымдан ашыгы Жалал-Абад облусунун аймагынан өтөт. Жолдун курулушундагы долбоордо жол жээгиндеги таза суу түтүктөрүн жана суу куурларын алмаштыруу каралган эмес. Ошол себептүү бул иштерди аткарууда кошумча дагы 20 миллион доллар керектигин транспорт жана коммуникация министринин аймактагы өкүлү Акжолбек Бегалиев билдирди. Бүгүн өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева жолдун абалы менен таанышып чыгып, буга байланыштуу өкмөткө кайрыларын билдирди.

Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Балыкчы жана Жалал-Абад шаарларын бириктирген жол Кочкор - Чаек – Көкөмерен - Казарман аркылуу өтөт. Жолду толугу менен бүтүрүүнү кытайлык компания мойнуна алган. Долбоорго ылайык, курулушка жалпысынан 850 миллион доллар талап кылынат. Анын алгачкы баскычы быйыл аяктайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG