Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Меркел: Астанадагы саммит болбой калышы мүмкүн


10-январда Германиянын канцлери Ангела Меркел Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Москва Украина чыгышындагы орусиячыл сепаратисттерге болгон таасирин колдонуп, Минск келишиминин ишке ашышына өбөлгө болушун күтүп жатканын билдирген. Жагдай боюнча “реалдуу өсүү” болбосо Франция, Германия, Орусия жана Украина лидерлеринин катышуусундагы Астана саммитин өткөрүү мүмкүн эместиги белгиленген.

Астанадагы жогорку деңгээлдеги “норманд форматындагы” жолугушуу 15-январда өтөт. Ага чейин саммитке катыша турган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 12-январда Берлинде жолукмак.

Меркелдин катчысы Штеффен Зайберттин билдиргенине караганда, немис канцлери Украинадагы чатакты жөнгөрүү маселелерин ал өлкөнүн президенти Петр Порошенко менен да талкуулаган.

Украина чыгышындагы атышуулар башталгандан бери 4700 адам набыт болду.

XS
SM
MD
LG