Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Терроризмге каршы жүрүш Брюсселде да болду


Бельгиянын борбору Брюсселде 10 миңден ашык адам жүрүшкө чыкты. Алар мындай жол менен Парижде өткөн терроризмге каршы жүрүшкө тилектештигин билдиришти.

“Брюссел-Шарли” деген сөз марш өтүп жатканда шаардагы эң бийик имараттын үстүндө французча жазылып турду.

Жүрүшкө чыккандар “зордук-зомбулукка каршы биригели”, “сөз эркиндиги” деген плакаттарды көтөрүп жүрүштү. Колдоруна Франциянын желегин кармап жүргөндөр да болду.

Полиция акцияга 10 миңден 15 миңге чейин адам катышканын кабарлады.

Бүгүн Парижде миллиондон ашык адам акыркы күндөрдөгү теракттын курмандыктарын эскерүү жүрүшүнө чыкты. Бул акцияга 40ка жакын өлкөнүн жетекчилери катышты.

XS
SM
MD
LG