Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Берлинде “Ачык жана толеранттуу Германия” деген марш болот


Германиянын канцлери Ангела Меркел баштаган өкмөт мүчөлөрү 13-январда Берлинде болчу жүрүшкө катышат. Өлкөнүн мусулман диниятчылары Франциядагы жихадчылардын чабуулунан кийин уюштуруп жаткан демонстрация “Ачык жана толеранттуу Германия” деп аталат.

"Берлиндеги Бранденбург дарбазасында жүрүшкө Ангела Меркел, тышкы иштер министри Франк–Вольтер Штайнмайер дагы башка ырасмий адамдар катышат" деп билдирди Германия өкмөтүнүн өкүлү Георг Страйтер.

11-январда Парижде терроризмге каршы өткөн жүрүшкө 1 миллиондон ашык адам, ошондой эле 40 чакты өлкөнүн лидерлери катышты.

Жөө жүрүш 7-9-январь күндөрү исламчыл согушчандардын чабуулунан 17 адам өлгөндөн улам уюштурулду.

Германиянын антиисламчыл "Пегида" кыймылы 12-январда Дрезденде жана башка шаарларда Франциядагы террордук чабуулдарды айыптаган жүрүш өткөргөнү жатышат. Өлкөнүн юстиция министри Хейко Маас террорчулуктан жабыркагандарга тилектештик билдиребиз деп, бирок мусулмандарга каршы жек көрүүчүлүктү күчөтпөгүлө деген пикирин айтты жана “Пегиданы” жүрүштү өткөрбөөгө чакырды.

10-январда Дрезденде “Пегидага” каршы 35 миң адам катышкан демонстрация болгон.

XS
SM
MD
LG