Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

“Шарли Эбдо” жаңы санына пайгамбардын карикатурасын жайгаштырды


“Шарли Эбдо” 7-январдагы кол салуудан кийинки биринчи санына Мухаммед пайгамбардын карикатурасын жайгаштырды. Анда “Баары кечирилди” деген баш тема менен пайгамбардын колуна “Шарли - бул мен” деген жазууну карматкан сүрөт тартылган.

Окуяга чейин 60 миң нуска менен чыккан сатиралык журналдын бул жолку саны үч миллионго жетти. Бул сан бир нече тилге которулат деп күтүлүүдө.

“Шарли Эбдонун” адвокаты Ришар Малка француз радиосуна маегинде, басылма экстремисттерден коркпой турганын жана редакциялык саясатын өзгөртпөй турганын билдирди. “Биз артка кайтпайбыз, болбосо азыркы кылган аракеттер жокко чыгат"-деди адвокат.

Журналдын жаңы саны 14-январда сатыкка чыгат.

Париждеги “Шарли Эбдо” сатиралык журналына 7-январдагы кол салууда 12 кишинин өмүрү кыйылган. Кол салууга шектелген бир туугандар Шериф жана Саид Куаши полиция операциясынын жүрүшүндө жок кылынган.

Алжирден Парижге көчүп келген үй-бүлөдө төрөлгөн Саид жана Шериф Куаши басылмада жарык көргөн Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн өч алган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG