“Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев кесиптеши Карганбек Самаков менен мушташканын саясатташтырбоого чакырды. Эл өкүлү саясий эмес, жеке түшүнбөстүктөн улам мушташ чыкканын айтат.
- Экөөбүздүн ортобуздагы инцидент мушташка деле жеткен жок. Бирок муну көбүртүп-жабыртуунун кереги жок. Азыр маселе жок, эркектерче чечишип алдык.
Каныбек Иманалиев “Ар-намыс” фракциясынын депутаты жана парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетин жетектейт. Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин төрагасы Карганбек Самаков парламентке “Ата Мекен” партиясы аркылуу келип, кийин ал фракциядан чыгып кеткен. (UEz)