Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Үмөталиева эл аралык сотко кайрылат


Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жалган билдирүү тараткан журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамын жокко чыгартуу боюнча эл аралык сотко кайрылат.

Кечээ Конституциялык палата аталган берене Баш мыйзамга каршы келбейт деген чечим чыгарган. Үмөталиева “жалган маалымат таратканы үчүн” деген берене менен журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу Баш мыйзамга каршы келип, сөз эркиндигин чектейт деген жүйө менен Конституциялык палатага кайрылган болчу.

Өткөн жылы 17-майда Алмазбек Атамбаев кылмыш жасалгандыгы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги тууралуу мыйзамга кол койгон. Атайылап жалган маалымат тараткан ЖМКны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам ЖК депутаты Э.Кочкарова сунуштаган долбоордун негизинде кабыл алынган. (UEz)

XS
SM
MD
LG