Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Гүмри шаарында милиция менен демонстранттар кагышты


Дүйшөмбү күнү орусиялык аскер тарабынан өлтүрүлгөн үй-бүлөнүн мүчөлөрү бейшембиде жерге берилди. Алты кишиден турган бир үй-бүлөнү эки жашар баласын кошо өлтүргөнүн орусиялык аскер Валерий Пермяков мойнуна алгандан бери, анын жоопко тартылышын талап кылган митингдер окуя болгон Гүмри шаарында жана Ереванда болуп өттү.

Гүмридеги орус консулдугунун алдына чогулган жүздөгөн киши орусиялык аскерди Армениядан чыгарбай туруп соттоону талап кылышты. Ошондой эле өлгөндөрдүн сөөгү жерге берилгенден кийин, миңдеген киши облустук прокуратуранын алдына келишти. Аларга Башкы прокурор Геворг Костанян чыгып жолугуп, айыпталып жаткан аскерди жоопко тартуу үчүн Арменияга өткөрүп берүүсүн Орусиядан талап кылууга убада берди. Орус консулдугунун алдындагы митинг аягында чыңалып отуруп, полиция менен демонстранттардын кагылышуусуна алып келди. Натыйжада 15 киши түрдүү жаракат алып, 20 чамалуу адам кыска мөөнөткө камакка алынды. Полиция менен элдин кагылышуусу 15-январда Еревандагы Орусиянын элчилиги алдында да болгон.

12-январда Армениянын түндүгүндө бир үй-бүлөнүн алты мүчөсүнүн сөөктөрү өз үйүндө табылган. Алардын арасында эки жаштагы бала да бар. Ал эми алты айлык ымыркай оор абалда ооруканага жеткирилген. Үйдөн Валерий Пермяковго таандык бут кийим табылган.

XS
SM
MD
LG