Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Чек арадагы кол салууга эки жоокер шектелүүдө


Лейлек районундагы “Айкөл” чек ара бекетиндеги кол салууга келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки жоокер шектелүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Маалыматка ылайык, куралдуу кол салуу ички келишпестиктен улам чыккан. Учурда кызматташтарына ок чыгарган жоокерлер көрсөтмө берип жатат.

Бул маалыматты Чек ара кызматы тастыктаган жок. Мекеменин маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, учурда окуя иликтенип жатат жана азырынча шектүү катары эч ким кармала элек.

16-январда түнкү 11лер чамасында Лейлек районундагы “Айкөл” чек ара тозотундагы куралдуу кол салуудан бир чек арачы набыт болуп, экөө жаракат алган. Учурда ооруканада жаткан чек арачылардын абалы канааттандырарлык экени айтылууда. Аталган чек ара тозотунун башчысы, улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун сөөгү бүгүн туулган жери – Ноокатта жерге берилди.

Кечээ президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн социалдык коргоо жана колдоо фондунан каза болгон улук лейтенант Тынчтык Исмаиловдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом, ал эми жараат алган лейтенант Осмонов Нуркелди жана катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаныбайга 50 000 сомдон бөлүп берүү боюнча буйрукка кол коюп, окуяны тыкыр иликтөөнү тиешелүү органдарга тапшырган.(UEz/JsA)

XS
SM
MD
LG