Филиппин борборунун аянты 60 гектарлык Рисаль-паркына Рим католик чиркөөсүнүн башчысын угуу үчүн үч миллиондой киши катуу жаан-чачынга карабай жыйналды.
Папа Франциск ал жердеги бүгүнкү диний ишаратын Филиппинде 2013-жылкы “Хайянь” тайфунунан курман болгондордун элесине арнады.
Ошондой эле ал сөзүндө балдарды коргоо маселесин да көтөрдү.
"Биз жаштар үчүн кам көрүшүбүз керек. Алардын үмүтү уурдалып, көчөдө жашоосуна жол бербешибиз абзел”, - деди Рим папасы.
80 миллиондой католик жашаган Филиппинде болуу менен Рим папасы Азиядагы алты күндүк сапарын жыйынтыктады. (UE)