Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Казакстан кармалып турган вагондордун 120сын бошотот


Казакстанда кармалып турган Кыргызстандын күйүүчү майларынын 120 вагону кое берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасынын орун басары Улан Кулов билдирди.

“Учурда ошол 120 вагондун бажы маселеси чечилди. Вагондор кармалып турган жердин акысы боюнча маселе чечилери менен вагондор келет”, - деди Кулов.

Казакстан орун акы үчүн ар бир вагонго күнүнө 50-100 доллар төлөп берүүнү талап кылууда. Бирок кыргыз тарап буга макул эмес.

“Келишим боюнча кыргыз компаниялары жүк Кыргызстандын аймагына киргенден кийин гана жоопкерчиликти алат. Ага чейинкисине орус жана казак тарап жоопкер”, - деп кошумчалады Кулов.

Ал эми калган вагондорго кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу качан бошотулары белгисиз.

Орусиядан Кыргызстанга келаткан күйүүчү май жүктөлгөн 400 чамалуу вагонду казак тарап тиешелүү документтери жок деген жүйө менен өткөн жылдын апрелинде камакка алган. (МТо)

XS
SM
MD
LG