Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

112 кызматына түшкөн чалуулардын 94% жалган чакыруулар


Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматкери Элмира Шерипова билдирди.

Анын маалымдашынча, аталган кызмат өткөн жылдын 15-декабрында ачылган. 20-январга чейин 17 670 чалуу түшсө, анын 16 600ү жалган чакыруу болгон.

“Бул кызмат өрт, медицина, милиция жана мэриянын тез жардам кызматтарын камтыйт. Жалган чакыруулар ишибизге тоскоолдук жаратууда. Элден орчундуу, даректүү кырдаал боюнча гана чалууну өтүнөбүз. Анткени жалган чалууларга алаксып калган учурда башка, чыныгы жардамга муктаж адамдарга көңүл бурулбай калышы мүмкүн”,-деди Шерипова.

112 кызматы Бишкек, Каракол жана Ошто ачылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG