Азербайжандын президенти Илхам Алиев анын өлкөсүндө сөз эркинидиги жана адам укуктары «кепилденгенин» айтып, өзүнө карата айтылган сын-пикирлерди четке какты.
Берлинде Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө Алиев "эл аралык укук коргоочу уюмдардын тизмесинде Азербайжандын төмөнкү көрсөткүчтө болгонунун өлкөгө ысык-суугу жок" деди. Алиев ошондой эле "калктын 90 пайызы мени колдойт" деп ырастады.
Ал арада камактагы азери журналисти Хадижа Исмаилованын адвокаты ал апта соңунда 24 саат жеке камерага отургузулганын "Азаттыкка" билдирди.