Жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстанда балдарга карата зомбулукту азайтуу боюнча атуулдук-улуттук план иштеп чыгуу демилгеси менен чыгууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Балдарды коргоо лигасы” фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.
Анын айтымында, токмоктолгон жана зордукталган балдар жөнүндө удаа-удаа фактылардын катталып жатышы – Кыргызстанда жеткинчектердин укугун толук коргоого кепилдик жок экенин түшүндүрөт.
Проблеманы азайтуу үчүн жарандык активисттер бүгүн, 23-январда мэриянын алдында түзүлгөн “Зомбулукка кабылган балдарга жардам берүү” борборуна чогулуп иш-пландарды талкуулайт. Анын жыйынтыгы менен бийликке сунуштар айтылат.
Соңку кездери чоң кишилер тарабынан балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөн окуялар көп чыга баштады. 8-январда Бишкекте 2 жашар баланы зордуктоо фактысы катталса, 21-январда Токмокто 6 жашар кыздын туугандары тарабынан ур-токмокко алынганы аныкталган. (SE)