Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Ооганстанда “Шарли Эбдого” каршы митингге чыгышты


Жүз чамалуу адам 22-январь күнү Кабул шаарында Франциядагы “Шарли Эбдо” журналына каршы акцияга чыгып, Мухаммед пайгамбардын карикатурасын тартууга нааразылык билдиришти. Алар колдоруна кызыл жүрөктүн ичине пайгамбардын ысымы жазылган плакаттарды кармап алышты. Акция катышуучулары Франциянын элчилигин жабууну талап кылышты.

Апта башында Бишкекте да активисттер ушундай пикет өткөрүшкөн.

Париждеги “Шарли Эбдо” журналында Мухаммед пайгамбардын карикатурасынын жарыяланышына бир катар өлкөлөрдө миңдеген мусулмандар нааразылыгын билдирип жатат.

7-январда исламчыл согушкерлер басылмага бастырып кирип, 12 кишини өлтүрүп кеткен. (SE)

XS
SM
MD
LG