Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

Ошто таксистти уурдагандар кармалды


Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков кабарлады:

- Ош шаарынан Кеңеш айылына алып барып коюуну суранган кардарлар таксистти тоноп, өзүнүн колу-бутун байлап, жүк салуучу бөлүгүнө жаап коюшкан. Ош шаарынан Ноокат районуна баратып, май куюучу жайга токтошкон. Ошол учурда байланып жаткан унаа ээси чуу салган. Ушундан кийин таксистти тоногондор автоунааны айдай качкан, - деди Замир Сыдыков.

Учурда бул кылмышка шектелген Ош шаарынын 27-28 жаштагы эки жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Беттештирүү учурунда жабырлануучу аларды тааныган. Учурда аларга каракчылык, унааны мыйзамсыз ээлеп алуу жана денеге оор залал келтирүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду. (YI)

XS
SM
MD
LG