Катаал аба ырайына байланыштуу 24-январдан тартып Казакстандын борбору Астанада мектептер менен колледждердин 1-2-курсунун студенттери үчүн сабактар токтотулду.
Синоптиктердин божомолунда, Астанада абанын температурасы 34 градуска чейин төмөндөгөн. «Казгидромет» дем алыш күндөрү Казакстандын бир катар аймактарында катуу үшүк жүрүп, бороон болорун эскерткен.