Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Балдарын эмдетпегендердин саны 6 миӊден ашты


Өлкөдө күчөп жаткан кызылча илдетине ички-тышкы миграция жана диний көз караштан улам балдарын эмдетпегендер себеп болууда. Бул тууралуу республикалык Иммунопрофилактика борборунун директору Жолдош Калилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, балдарын эмдетүүнү каалабаган үй-бүлөлөрдүн саны өлкө боюнча 6 миңден ашты:

- Баш калаанын Мурас-Ордо, Калыс-Ордо сыяктуу жаӊы конуштарына жана "Манас" аба майданына кеткен жолдогу кыштактарга келип отурукташып жаткан ички мигранттар эч жерде катталышпайт. Балдарын убагында эмдетишпейт. Мындан тышкары азыр диний көз караштан улам балдарын эмдетпегендердин саны Кыргызстан боюнча 6329 үй-бүлө болду. Ушул факторлор оорунун жайылуусуна шарт түзүүдө,- дейт Калилов.

Учурда Кыргызстанда балдар арасында кызылча оорусу жайылууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG