БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинанын чыгышындагы абал боюнча бүгүн кезексиз жыйынга чогулат. Литванын демилгеси менен чакырылган жыйын ачык өтмөкчү. Буга Мариуполь шаарына ракеталык чабуул себеп болду. Анда 30 адам набыт кетип, 95 жаракат алган. Украина бийлиги бул үчүн орусиячыл жикчилерди айыптап жатат. Бирок жикчилдер айыпты четке кагууда. Жекшембидеги Украинанын Коопсуздук кеңешинин жыйынында украин президенти Петро Порошенко Киев жикчилдердин бул чабуулга катышын айгинелеген далилдерди дүйшөмбүдө жарыяларын билдирген. Ошондой эле Порошенко дүйнөлүк коомчулукту Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырган.
АКШ президенти Барак Обама бул окуядан соң Кошмо Штаттар Орусияга карата санкцияларды катаалдантууга даяр экенин билдирген.
Ал ортодо учурда Украинанын чыгышында чыңалган абал уланып жатат. Украин армиясынын маалымат борборунан жикчилер тарабынан Донецктеги Майорск шаарына чабуул жасалып, ал кайтарылганын кабарлады.
Associated Press агенттиги кабарлагандай, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Украинадагы абал боюнча 2014-жылы отуз жолу жыйын чакырган. Бирок бир да конкреттүү чечим кабыл алган эмес.