Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Алай районунда балдар инспекторлору жетишсиз


Бул тууралуу Алай райондук билим берүү башкармылыгынын жетекчиси Досмамбет Жээнбеков ички иштер министри Мелис Турганбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

Балдар арасындагы кылмыштар окуучулар мектептен чыгып кеткенден кийинки убакта болуп жатат. Айылдардын арасы алыс. Район боюнча болгону төрт балдар инспектору бар. Алар балдардын жүрүм-турумун толук көзөмөлдөөгө жетишпей жатат,” – деди Жээнбеков.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев райондо балдар инспекторлорун көбөйтүүнү жергиликтүү кеңештин депутаттары чечсе, колдоп берүүгө даяр экенин айтты.

Учурда Алайдагы 53 мектепке 4 гана балдар инспектору көз салууда.(YI)

XS
SM
MD
LG