Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Жамашеванын кайниси шылуундукка шектелүүдө


Феруза Жамашева
Феруза Жамашева

Ош шаарында эки батирди шылуундук менен сатып жиберген 20 жаштагы Нурсултан Акимбаевдин жоопкерчиликке тартылбай жатышына Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашеванын таасири бар экени айтылууда. Бул тууралуу алданып, үй-жайын саттырып жиберген кишилер бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында, Жамашева айыпталып жаткан Акимбаевдин жеңеси болот. Арыздангандар төрайымдын кийлигишүүсү менен тергөө жакшы жүрбөй, шектүү адам үй камагына чыгып кеткен деп эсептешет. Айыпталып жаткан тарап болсо муну куру доомат деп билдирди. Жогорку Соттун төрайымы азырынча комментарий бере элек. (SE\ErN)

XS
SM
MD
LG