Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Кыргызстанда балдардын 57 пайызына агрессивдүү тарбия берилет


14 жашка чейинки балдардын 57% психологиялык агрессияга дуушар болот.
14 жашка чейинки балдардын 57% психологиялык агрессияга дуушар болот.

ЮНИСЕФ уюмунун Улуттук статистикалык комитет менен бирге 2014-жылы жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгына ылайык, 14 жашка чейинки балдардын 57% жакындары тарабынан психологиялык агрессияга жана физикалык жазалоого дуушар болот. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн жылдын 9 айында катталган 92 зомбулуктун дээрлик жарымы балдарга байланыштуу болгонун билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Көйгөйдү жоюу максатында ЮНИСЕФ менен кыргыз өкмөтү жакында коомчулук арасында “Мен зомбулукка каршымын” аттуу маалымат өнөктүгүн баштамакчы. (SE)

XS
SM
MD
LG