Улуттук форум ушул жылдын март айында, ал эми эл аралык жыйын май айында өтөрүн бүгүнкү маалымат жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Роза Акназарова билдирди.
Иш-чара “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат. Анын максаты - аймактардагы аялзатынын башын бириктирүү, аялдар менен сүйлөшүү жана кызматташуу аркылуу улуттук аялдар кыймылынын платформасын түзүү, алардын коомдук турмушка жигердүү аралашуусун камсыздоо.
Ага өлкөнүн бардык аймактарынан миңден ашуун аялдар катышары күтүлүүдө. Улуттук форумда Кыргызстандын гендердик саясаты, аялдардын жетишкендиги менен көйгөйлөрү талкууланат. Ушул тапта "Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду жана активист аялдар аймактарга барып, кыз-келиндер менен жолугушууларды өткөрүүдө.
Быйыл кыз-келиндердин абалын жакшыртууга багытталган Бээжин платформасынын кабыл алынгандыгын 20 жана Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдык мааракеси белгиленет. (КЕ)