Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:03

АКШ сенаторлору Иранга жаңы санкцияларды киргизбөөгө макул болду


АКШ Сенатынын он мүчөсү Иранга жаңы санкцияларды киргизбей турууга макул болду. Иранга санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоордун автору, Демократиялык партиядан сенатор Роберт Менендес баш болгон сенаттын он мүчөсү бул боюнча президент Барак Обамага кат менен кайрылганын билдирди. Катта ал ушул жылдын март айына чейин демилгени көтөрбөй турууга макулдугун билдирген.

Бирок Менендес эгер Ирандын өзөктүк программасы боюнча жаңы келишимге жетишилбесе, бул демилге кайрадан көтөрүлөрүн эскертти. Буга чейин президент Барак Обама Конгрессти жаңы санкциялардан карманууга чакырып, сүйлөшүү уланып жаткан кезде андай мыйзам кабыл алынса, вето саларын эскерткен.

Учурда дүйнөдөгү алты өлкө менен Тегеран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүнү улантууда. АКШ, Кытай, Орусия, Британия, Франция жана Германия кирген топ менен Иран келишимге жетише алса, Тегеран ядролук программасын кыскартат. Ал үчүн Ислам жумуриятына каршы киргизилген санкциялардын айрымдары алынмакчы.

XS
SM
MD
LG