Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:48

Орусия тажик армиясын бекемдөөгө кызыкдар болууда


Москва тажик армиясын Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы кызматташуунун алкагында күчтөндүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу 28-январь күнү Орусиянын коргоо министринин орун басары Анотолий Антонов Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолугушкандан соң журналисттерге билдирди. Анын айтымында, коңшу Ооганстандан Батыштын аскерий күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгып жаткандыктан, тажик армиясын бекемдөө зарылчылыгы туулуп жатат.

Учурда Тажикстандагы Орусия аскер базасында 7000дей жоокер бар.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму аскердик-саясий уюм катары 1992-жылы түзүлгөн. Ага учурда алты мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG