Санкт-Петербургдун бийликтери Өзбекстан менен Тажикстандан 34 мыйзамсыз мигрант 30-январда курулуш аймагында кармалганын кабарлады.
Расмий билдирүүдө жумушчулар бийлик өкүлдөрүнөн качып кетүүгө аракеттенгени, бирок акыры кармалганы айтылат.
Сот аларды депортациялап, 5000 рублдан айып пулга жыкты. Мындан тышкары мыйзамсыз жумушчуларды иштеткен үч курулуш компаниясын сот жообуна тартууга өкүм кылды.