Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Минсктеги сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады


Украинанын чыгышындагы согушту жөнгө салууну максат кылган Минсктеги сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктады. Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма сүйлөшүүлөр өз алдынча жарыяланган Донецк жана Луганск элдик республикаларынын өкүлдөрүнүн айынан үзгүлтүккө учураганын айтты. Кучманын белгилешинче, Украина жикчилдердин эч кандай ультиматумун аткарбайт жана сентябрда кол коюлган ок чыгарбоо келишиминин аткарылышын талап кылат.

Жикчилдер болсо сүйлөшүүлөр оң натыйжа бербесе, Донецк жана Луганск аймактарын украин аскерлеринен бошотуу уланарын билдиришкен.

Ураинанын чыгышындагы соңку атышуулар бир нече күндөн бери тыным ала элек. Акыркы суткаларда эле 12 жайкын тургун окко учту.

ЕККУнун маалыматында Донбасстагы согуштан 5 миң киши каза таап, 10 миңдейи жараат алды. Качкындардын саны миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG