Кыргызстандагы тез арада чечүүнү талап кылып турган социалдык маселелер бүгүн, 2-февралда адистердин жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Бишкектеги “Ак-Кеме” мейманканасында Социалдык өнүктүрүү министрлиги уюштуруп жаткан жыйында көтөрүлө турган негизги маселелердин бири – ымыркайларга карата зомбулуктарды азайтуу.
Аталган министрликтен кабарлашкандай, талкууга чогулгандар тарабынан “Балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып, Жогорку Кеңешке сунуштар берилмекчи.
Ошондой эле чогулушта майыптардын көйгөйлөрү да көтөрүлөт. (SE)