Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Беш жашар кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казыбаев билдирди. Анын айтымында, өткөн айдын соңунда беш жаштагы кызын зордуктаган жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп, 35 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Натыйжада арыз берген адамдын алысыраак таанышы, Ош облусунун Ноокат районунун 37 жаштагы тургуну бул кылмышка шектүү катары кармалды.

Алдын-ала маалыматтарга карганда, бул жаран секелекти сарайга алдап алып кирип, зордуктаган деп айыпталууда. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, сурак берүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG