Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:10

Грузия полициясынын мурдагы үч мартабалуу жетекчиси камакка алынды


Криминалдык полициянын акиминин мурдагы орун басары Ираклий Пирцхалава жана мурда анын кол астында иштеген даражалуу эки офицер 2-февралда Башкы прокуратурада сурак беришти. Маалымдалганга караганда, үчөө 2006-жылкы полициянын атайын операциясы кезде өлгөн Зураб Вазагашвилинин ишине байланыштуу кармалган.

Уулунун өлүмүнө жооптууларды жазалоо өнөктүгүн уюштуруп жүргөн маркумдун атасы Юрий Вазагашвили 20-январда уулунун мүрзөсүнө гүл коюп жатканда бомба жарылып өлгөн.

Айыпталуучулардын биринин адвокаты Давит Хажалиянын билдиришинче, бул окуяга байланыштуу 11 адам камакка алынган.

Ички иштер министри Александр Чикаидзе Юрий Вазагашвилинин өлүм үчүн өзүн “моралдык жактан жооптуумун” деп, 23-январда кызматтан кеткен.

XS
SM
MD
LG