Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Мамлекеттик дирекциянын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияда иштеген жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, кылмыш иши калаадагы Анар кичи районуна курулган 16-үйдүн сапаты талапка жооп бербегендигине байланыштуу козголгон.

Иликтөө иштерин милициянын 5-бөлүмү шаардык прокуратура менен бирге жүргүздү. Текшерүүдө имаратта ири жаракалар бар экени аныкталып, анын зыяны 57 миллион сомду түзгөн. Азырынча үйдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилбей турат. Буга чейин тургундар үйдүн сапатсыз экенин айтып, мэрияга кайрылган.

Убагында Жанторо Сатыбалдиев, андан кийин Жусупжан Жээнбеков башында турган аталган мамлекеттик дирекция үйлөр курулуп бүткөндөн соң жоюлган. (YI)

XS
SM
MD
LG