Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Министр Шыкмаматов кызматтан кетерин жарыялады


Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов бул тууралуу 2-февраль күнү “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телекөрсөтүүсүндө түз эфир маалында билдирди. Анда министр президенттик аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевден кечирим сурабай тургандыгын жана шейшембиде кызматтан кетүү тууралуу арызын премьер-министр Жоомарт Оторбаевге тапшырарын ачыкка чыгарды.

Өткөн айда жергиликтүү маалымат каражаттардын бирине "Аида Салянова Нарымбаевдин саясий оюндарынын негизинде кызматтан кеткени тууралуу" Шыкмаматовго шилтеме берген маалымат жарыяланган эле. Нарымбаев министрдин үстүнөн коалициялык көпчүлүккө арыз жазып, расмий кечирим сурашын талап кылган.

Парламенттеги коалициялык кеңеш бул маселени 2-февралда караган.

XS
SM
MD
LG