Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

БУУ соту Сербия менен Хорватиянын геноцид боюнча дооматтарын четке какты


БУУнун Гаагадагы эл аралык соту. 3-февраль, 2015-жыл.
БУУнун Гаагадагы эл аралык соту. 3-февраль, 2015-жыл.

Улуттар уюмунун Гаагадагы Эл аралык соту мындай бүтүмдү бүгүн чыгарды. Алгач сотко Сербияга каршы доо арызды 1999-жылы Хорватия берген эле. Расмий Загреб Сербияны 1991-95-жылдардагы согуш учурунда хорваттарга каршы геноцид жүргүздү деп айыптаган.

БУУнун соту бүгүнкү бүтүмү менен Сербияны хорваттарга карата, Хорватияны сербдерге каршы геноцид кылган жок деп тапты.

1991-95-жылкы согуш мурдагы Югославия мамлекети чачырап, Хорватия көз карандысыздыкка багыт алган кезде чыккан эле.

Хорватиянын геноцид боюнча доосуна жооп кылып, сотко Сербия да кайрылган. Белград Загребди 200 миңдей сербди Хорватиядан чыгарганы үчүн айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG